Дональд Трамп Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсүн кылмышкер деп атады

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукербергди кылмышкер деп атап, аны президенттик шайлоого кийлигишти деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Трамп тарапкерлерине кайрылуу жолдоп, Цукерберг жана анын жубайы Присцилла Чан 2020-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө таасир эткен жергиликтүү шайлоо комиссияларына 400 миллион доллардан ашык кайрымдуулук кылганын билдирген.

"Марк Цукерберг, менин оюмча, кылмышкер. Ал 400 миллион доллардан ашык акча коротуп, президенттик шайлоонун жүрүшүн өзгөртө алышы мүмкүн. Бул кайрымдуулук Фейсбук компаниясына эч кандай таасир берген эмес", - деген Трамп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kamchy-bek
2021-10-30 00:11:04
Ай донт ноу, мазафака, риили
+1
33SUUN
2021-10-30 05:39:09
Kamchy-bek,Коп акылдуу боло бербе.Фейсбукту буткул дуйнодогу тынчылар ар бир колдонуучунун билдируусун угуп билип коруп текшерип турат.
+1
Kamchy-bek
2021-10-30 11:59:23
Билебиз, фейсбук ватсап, одноклассники, инстаграм дагы толтура программалар атайын агенттер отураарын, маалымат чогултуп, ар кайсы былыктарды жазып отурган тролльдорду,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан