Тоңдо көл жээкте асынып алган 19 жаштагы кыз. Жигити жол кырсыгына кабылып каза болгон

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы көл жээкте асынып алган кыздын жигити андан мурун жол кырсыгынан каза болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыздын жигити Бишкектен Бөкөнбаевге келе жатып Кант шаарында жол кырсыгына кабылып каза болгон. Анын сөөгү 26-октябрь күнү жерге берилген. Кыз ошол күнү дайынсыз болуп, эртеси көл жээктен асылган абалда табылган. Азырынча териштирүүдө ушул версия айтылып, божомолдонууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

26-октябрь күнү Тоң РИИБине арыз менен 1982-жылы туулган жаран кайрылган. Анда 26-октябрь күнү 19 жаштагы кызы Тоң районунун Эшперов айылынан чыгып кетип дайынсыз болуп жатканын билдирген. 19 жаштагы кызды издөө максатында бардык аймактарга багыттамалар берилип, ыкчам иликтөө иш-чаралары башталган. 27-октябрь күнү саат 07:00 чамаларында Тоң РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Тоң айылынын көл жээгинен белгисиз кыздын асылып турган жансыз денеси табылганы боюнча айыл тургуну кабарлаган. Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда, дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы кыз экендиги аныкталып, жансыз денеге кароо жүргүзүлгөн. Анда күч колдонуу белгилери болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Bolotbek9191
2021-10-29 17:02:17
Акмак экен бир жигит учун оз омурун кыйган
+3
Gulina00
2021-10-29 17:04:06
Балдарыбызга ыйман,акыл-эс,сабырдуулук берсин Аллахым.
+9
Zarema11
2021-10-29 17:33:16
Gulina00,оомин акыл, ынсап менен бирге ЖАРАТКАН туура жолду көргөзсүн.
+2
Bishkek-Kg
2021-10-29 17:36:17
Gulina00, Ан үчүн өзүңөр (эне аталары) акылдуу болуп, телди, инетти азырак чукуп, уул-кыздарыңарга көңүл бурушуңар керекта, ошондо тилегиңер ишке ашат, болбосо өзүңөргө кошуп аларлыда маңкурт кыласыңар.
0
Gulina00
2021-10-30 21:44:32
Bishkek-Kg,манкурт озун эмеспи абайлап суйлосон,менин балдарыма тел карматкыдай бай эмесмин.
-1
Marni
2021-10-31 13:53:55
Bishkek-Kg, оюңа кошулам.
-1
Bishkek-Kg
2021-10-29 17:22:39
Муну сүйүү дейсиңби же ахмактык дейсиңби?
0
Danysh1
2021-10-29 18:43:05
Жигити бирдеме кылып койсо керекта ачуусун жеңе албай калды да эми кантем деп болжол менен ушундай
0
Real98
2021-10-29 23:02:47
Danysh1, окусаң толук,жигити 26 октябрда каза болуптур.
0
Danysh1
2021-10-29 18:44:32
Чачтарын койо берип деген жокко
+1
Ansar
2021-10-29 18:46:32
Батыштын улгусун кунуго коро турган болдукко. Мени ата-энем такалап эле чонойткон. Ал мен учун ушул кунго чейин даары.
+1
Erkusha
2021-10-30 10:00:10
Алаххым кыяматта эмне деп жооп беребиз кор азабынан кантип кутулабыз
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан