Казакстанда мугалимге нааразы болгон окуучу балдар сабакка юбка кийип барышты

29-октябрда Казакстанда бир нече мектептин окуучулары мектепке юбка кийип барышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 8-класстын окуучусу мектептеги иш-чарага юбка кийип барган. Аны көргөн мугалими баланы мектеп психологуна барууга мажбурлаган. Бала психолог менен сүйлөшкөндөн кийин терезеден секирип өз жанын кыйган. Мектеп окуучулары бул көрүнүшкө таң калып, айрым балдар нааразычылык иретинде эртеси, 29-октябрда эртең менен мектепке юбкачан келишкен. Алар “Кийимде жыныс жок” деген ураан менен гендердик стереотиптерге негизделген сексизмге жана бейбаштыкка каршы акция өтүп, бул акция бир нече мектепте өткөн. Окуучулары акцияга кошулган мектеп жетекчилери ата-энелерине телефон чалып, балдардын кийимин алмаштырууну талап кылышкан.

"Мектеп күзгү бал уюштуруп, темасы Гарри Поттер болчу. Ага бала юбка кийип келген. Аны көргөн куратор ачууланып, урушуп, психологго алып барып, юбкасын чечип кийимин алмаштырууга мажбурлаган. Классташтары ага арачы болгусу келгенде, куратор ар биринин атын жазып, тартип бузгандыгы үчүн аларга дисциплинардык жазага тартам деп коркуткан", - дейт күбөлөрдүн бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bishkek-Kg
2021-10-29 17:50:55
Анан?
+2
Ansar
2021-10-29 18:41:23
Оз оюн окмотко ачык айткан муун чонойуп келе жаткан окшобойбу.
+5
Mister-XXX
2021-10-29 19:41:08
Эркек баланын юбка кийип алганы туура эмес.
+4
nazira...
2021-10-29 19:48:21
Казактын балдарына эмне болгон. Бу кетиште ата энесин деле угушпайт го. Тооба, тооба.
+5
suban78
2021-10-30 04:29:02
Келечектеги гейлер го булар
+1
Birimdik5555
2021-10-30 10:35:43
Куратору жакшылап суйлошпоптур да бала менен
0
Belo
2021-10-31 18:43:36
Ал бала Гарри Поттерди туураптыр, бир кунго эч нерсе болмок эмес, куугунтуктабайле турушса болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан