Бишкекте «Кыргызстан — кыска метраждуу кинолордун өлкөсү» аттуу III эл аралык кинофестиваль өтөт

 КРнын эмгек сиңирген маданият ишмери Садык Шер-Нияз  12-ноябрда   SUPER.KG порталына :   «Кыргызстан — кыска метраждуу кинолордун өлкөсү» аттуу III эл аралык кинофестиваль өтөт”,- деп билдирди.

Кинофестивалдын жетекчиси Садык Шер-Нияздын маалыматында  фестиваль ушул жылдын 12-декабрынан 15-декабрга чейин «Манас» кинотеатрында өтөт.

“Кинофестивалдын  максаты -  тасмалар аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу. Бул үчүнчү кинофестиваль Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналды. Учурда 100гө жакын тасма келип түштү, эң көбү Эстония өлкөсүнүкү (38 кинотасма).  Тасмаларды кабыл алуу 20-ноябрга чейин уланат жана кинофестивалдын фонду 500 миң сомду түзөт”,- дейт Садык Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан