Милиция жол кырсыгынан каза болгон жарандын өздүгүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-октябрында саат 01:00 чамасында 1998-жылы туулган Ш.И. аттуу айдоочу БВМ-530 үлгүсүндөгү унааны айдап, Жаш Гвардия бульвары менен түндүк тарапты көздөй Москва көчөсү менен кесилишкен жерден өтүп бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан кебетеси азиялык болгон 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз адамды сүзүп кеткен. Натыйжада алган жаракатынан улам белгисиз жөө жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон.
Маркумдун кийген кийимдери: жеңи жок кара күрмө, кара футболка, жылуу кара шым, кочкул көк түстөгү ич шым, кара байпак, бутунда боз түстөгү кроссовка.
Өзгөчө белгилери: бою 185 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Эгерде сүрөттөгү жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо Бишкек шаары боюнча төмөнкү номерлерге байланышыңыз.
Байланыш номерлери: (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11-21-13, (0502) 22-24-12 жана 102