Москвадагы Василий Блаженский чиркөөсүнүн астынан адепке ылайык келбеген сүрөттөргө түшкөн тажикстандык Руслан Бобиев аттуу блогер жана анын сүйлөшкөн кызы Анастасия Чистова 10 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 29-октябрда Москва шаарындагы Тверск райондук соту кабыл алганын орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Руслан Бобиев менен Анастасия Чистова "коомду ачыктан-ачык сыйлабагандыгы жана динге ишенгендерди кемсинткени үчүн" айыпталган.
Белгилей кетсек, буга чейин блогер 30-сентябрда полиция тарабынан кармалып, ал бир жылга соттолушу мүмкүн экендиги айтылган.