"Эч кимим калган жок" деп Бексултан Жакиевди көзүнө жаш алып эскерген... Мар Байжиевдин маектеринен үзүндү

Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Эл жазуучусу, драматург, "Манас" орденинин кавалери, прозаик, журналист, адабиятчы жана коомдук ишмер Мар Байжиев 86 жаш курагында дүйнө салды.

Адабияттын алпы тууралуу:

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган. Ата-теги Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан болгон. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тил жана адабият бөлүмүн, кийин Москвада Жогорку сценариялык курста окуган.

Байжиев "Эрге жеткендер", "Дуэль", "Биз - эркектер", "Ар бир үйдө майрам", "Күйөө жана колукту", "Байыркы жомок", "Алтынчы күнү кечинде", "Акыркы рейс" пьесаларынын автору. Анын жазган сценарийлери боюнча "Кыргызфильм", "Өзбекфильм", "Казакфильм" студияларында көркөм фильмдер тартылган. Анын аңгемелеринин мотиви менен СССРдин башка аймактарында кыска метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которгон.

Мар Байжиев Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу, кинематографиянын отличниги.

Драматург 2013-жылы SUPER.KG порталына берген маегинде: "Мухаммед пайгамбардын 13 аялы болгон, анткени ал аларга камкордук көрө алган. Ал эми аялдар бирөөлөр тарабынан зомбулук болбошу үчүн беттерин чүмкөп жүрүшкөн. А биздин кыздар эмне үчүн оронуп жүрүшөт? Эстеп көргүлөчү, “Манас” эпосунда Каныкей менен Айчүрөк дайыма жүзүн ачып жүрүшкөн. А азыр биздин айрым кыздарыбыз көздөрү эле көрүнөт, чулганып алышкан", - деп жаштар динге өтө берилип кетпеши үчүн мектептерде дин боюнча сабак өтүлүшү керектиги тууралуу айтканы бар.

Ошондой эле драматург студент кезден бери чогуу өскөн санаалашы, чыгармачылыктан тапкан досу, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди көзгө жаш алып эскерген.

"Бексултан чоң жазуучу. Мен "Атанын тагдырын" көргөн сайын көл болуп ыйлачумун. Анткени биз согушту көрүп калдык да, башыбыздан өткөн. Бул гениалдуу чыгарма.

Бексултан менен акыйлашып, какшыкташып калчу элек. Өзүбүздүн атмосферабыз бар болчу, азыр эч кимим калган жок. Сүйлөшөйүн десең, эч ким түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт.

Үй-бүлөбүз менен катышып жүрдүк. 8-мартта Сабиранын туулган күнү болчу. Жыл сайын бул күнү Төлөмүш Океев, Бексултан болуп чогулчубуз. Төлөмүш ачык-айкын, бакылдап-шакылдаган киши болсо, Бексултандын кичине кылтыймасы бар эле. Эл "дос болгондон кийин бири-бирин мактап-жактайт да" деп айтышы мүмкүн. Андай эмес. Төлөмүш болобу, мен боломбу, Бексултан болобу, чыгармаларыбызды окуп чыккандан кийин майын чыгара иликтеп, айтчубузду айтып, начар жерлерин тилдеп, ушундай ачык болчубуз. Кийинкилер кыйтың-куйтуң болуп кетишпедиби. Бизде андай жок эле. Ошондуктан 1960-жылдары кинобуз, драматургиябыз өнүгүп-өскөн".

Ал эми Байжиевдин кызы, актриса катары таанымал Айжан Байжиева "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Атам адилеттүү адам. Ким күнөөлүү болсо, ошону жазалаш керек деп ойлойт. Менин мүнөзүм атамдыкына окшош. Атам дайыма "түбүңдү бил. Бирок эч качан көөп кетпе, жөнөкөй бол" дечү", - дегени бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2021-10-29 23:00:20
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун ООМИН
+6
Antiradikal3
2021-10-30 12:55:27
Арты кайырлуу болсун... Дагы бир залкар кетиптир да аттин............
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан