Бүгүн, 30-октябрга карата өлкөдө COVID-19 81 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, илдет эң көп аныкталгандар Чүй облусунда (29 адам) катталды. Калгандары башка аймактардан:
Бишкек шаары - 27
Ош шаары - 1
Чүй облусу – 29
Ош облусу – 2
Талас облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 13
Жалал-Абад облусу – 3
Баткен облусу - 2
Республика боюнча жалпы 181 миң 186 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды.