Биз социалдык тармакта

"Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек". "Империя пиццы" кафеси ишин баштады

29-октябрда "Империя пиццы" кафеси ишин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган кафенин администрациясына байланышканда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, кафе 29-октябрда саат 17:00дөн тарта иштей баштаган. Алар эмнеден улам кафени ачылуусуна уруксат берилгенин ачыкташкан жок.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев менен байланышканыбызда төмөнкүлөр белгилүү болду.

"Биз ууланууга сальмонелла (бактерия) себеп болгонун аныктадык. Бирок ал балыкта, үй канаттууларында же жумурткада болгонун аныктай элекпиз. Жыйынтык 1-ноябрда белгилүү болот. Кафени ачууга ким уруксат бергендиги тууралуу маалыматым жок", - деп билдирди ал.

Маалымат үчүн:

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.

28-октябрда "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жеткен.

29-октябрда Бишкек ШИИББи “Империя пиццы” кафесинин тамагынан массалык түрдө уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 280-беренеси ("санитардык-эпидемиологиялык эреже бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2021-10-30 13:50:52
Кимгедир закон кимгедир жон эле жомок жазылган кагаз.
+7
Katrina.
2021-10-30 14:20:37
Кожоюну депутат окшойт,закон для них не писан.
+6
Nina.alex
2021-10-30 14:44:34
Аа бети жоктор
+6
Dembele84
2021-10-30 19:53:21
Молодцы ишти кылгыла
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан