SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө окурман видео жөнөттү. Анда ал кичи автобуска жык толгон жүргүнчүлөрдү тартып, мындай шартка карабай жакында жол кире акысы көтөрүлөрүнө нааразы болду.
Видеодон кичи автобуска жык толгон жүргүнчүлөрдү, аялдамадан түшкөн адамдар батпай, эшиги сырттагы адамдын жардамында жабылганын көрүүгө болот.
Видео Бишкек шаарында тартылган.
Белгилей кетсек, борбор калаада 1923 коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү тейлөөдө. Алардын ичинен:
* 1600 менчик кичи автобус;
* 80 муниципалдык автобус;
* 130 муниципалдык троллейбус;
* 113 менчик автобус.