Эртең, 31-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +4…+9;
Бишкекте түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус болот.