Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынын борбордук аянтында палоо фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, фестивалда 50 казан орнотулду. Анын 40 казанына жергиликтүү ашпозчулар палоо даярдаса, 10ну КМШ өлкөлөрүнөн келген ашпозчуларга берилди. Жалпысынан аталган иш-чарада 5 тоннадан ашык палоо даярдалды.
Эң чоң казанга 4 тажик ашпозчусу 3 тонна палоо даярдашты. Аны даярдоо үчүн 270 килограмм эт, 800 килограмм күрүч, 150 килограмм сабиз, 30 килограмм туз, 8 килограмм сарымсак, 170 литр өсүмдүк майы, 15 килограмм койдун майы, 8 килограмм лимон жана 150 килограмм пияз керектелген.
Ашпозчулар кечки саат 19:00дөн баштап палоону даярдай башташкан. Эртең менен даяр болгон тамак каалоочуларга берилди. Ошондой эле палоо балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө дагы таратылат.