Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Рособоронэкспорт» акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеев менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты.
"Эки жак кыргыз тараптын "Рособоронэкспорт" АК Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу. Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында УКМК Чек ара кызматынын керектөөлөрү үчүн «Орлан-10Э» учкучсуз учуучу аппараттардын көп функционалдуу комплекстерин Кыргыз өлкөсү сатып алуу боюнча келишимге кол коюу болду", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Белгилей кетүүчү нерсе, аталган аскердик-техникалык буюмдар өлкө бюджетинин эсебинен сатып алынат.