ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: Англис тилдүү өлкөлөрдө Хеллоуин майрамы белгиленет

31-октябрь - Англис тилдүү өлкөлөрдө Хеллоуин майрамы белгиленет.

Хеллоуин Ирландия жана Шотландия өлкөлөрүндөгү байыркы уруулардын салттарына байланышкан заманбап майрам. Жыл сайын 31-октябрда белгиленет.

Хеллоуин англис тилдүү өлкөлөрдө майрамдалганы менен расмий түрдө белгиленбейт. ХХ кылымдын аягында глобалдашуу жараяны менен англис тилдүү эмес өлкөлөрдө да Хеллоуиндин атрибуттарына мода башталган. Бул майрам АКШ жана Улуу Британия менен маданий байланышы бар Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдө да белгиленет.

"Хеллоуин" сөзү англис тилиндеги All-Hallows-Even сөзүнүн гаэл тилинде кыскартылып айтылганы. Оксфорд сөздүгү боюнча бул сөз алгачкы жолу XVI кылымда эскертилет. Карнавал кийимдерин кийүү жакында эле пайда болгон салт. Алгачкы жолу карнавал кийимин кийип майрамдаган учур 1895-жылы Шотландияда катталган. Анда бет кап кийген балдар ар кайсы үйгө барып момпосуй, жемиш жана акча сурашкан. Хеллоуинде шайтандардын, вампирлердин, кубулма кишилердин, жез кемпирдин гана эмес, феянын, ханбийкенин, поп-маданиятынын өкүлдөрүнүн да костюмдарын кийишет.

Бул майрам Кыргыз өлкөсүндө 2016-жылдан бери белгилене баштады.

31-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-10-31 09:24:51
Орустар да катуу белгилешет бул майрамды
0
Bishkek-Kg
2021-10-31 11:21:27
Кыргыздар көрбөсүн, дароо салттуу майрам кылып алышат.
+1
Mister-XXX
2021-11-01 01:04:48
Шайтандардын майрамы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан