Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу, драматург, "Манас" орденинин ээси Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Жазуучу менен коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрынын алдында өтүп жатат. Ага жакындары, санаалаштары, акын-жазуучулар, мамлекеттик кызматкерлер жана өнөр адамдары катышууда.
Буга чейин, тактап айтканда 29-октябрда драматург Мар Байжиев 86 жаш курагында дүйнө салганы кабарланган. Мар Байжиевдин маектеринен үзүндүлөрдү шилтеме менен кирип окуй аласыз.