Көрүстөнгө алып барышкан. Бишкекте адам уурдоо жана тоноого шектүүлөр кармалды

Бишкекте адам уурдоо жана тоноо фактыларына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган райондун милиция бөлүмүнө М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 12-сентябрда 1300 долларлык iPhone 12 үлгүсүндөгү телефонун саат 03:00 чамасында Чортеков-Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдар ачык эле тартып алганын, андан соң күч колдонуу менен унаага салып, шаардын четиндеги көрүстөндөрдүн бирине алып барышкан (жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн) белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жана 1997-жылы туулган эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бишкектин Ленин райондук соту шектүүлөргө карата эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.

Учурда кармалгандардын башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Romantik.
2021-10-31 13:01:58
Бойлоруушунча узунбу же столго чыгып алышканбы?))
+10
Asmat84
2021-10-31 19:47:34
Romantik., чындап эле 2м 10 см болгон каракчылар го
0
bayern-munchen
2021-10-31 22:54:09
Romantik.,жок ээ кыргызда 210см почти жок болуш керек
0
Abdizhapar
2021-10-31 13:24:52
Ушуга окшогон арам тамактарды жестко кылыш керек да алып кирип бойрогун эзиш керек иттердин
+4
alym21
2021-10-31 13:47:28
Теректей бой бергиче,теменедей акыл берсин деген жакшы созу бар кыргызымдын.
+6
Kuban-1207
2021-10-31 14:18:46
Буларды атыш керек
+4
assanov97
2021-10-31 14:59:35
Допайлар турбайбы
+4
Sajakat14
2021-10-31 16:57:23
Бойлору укмуш узун уурулар экен. Бирөөнүн оокатын уурдап жыргаган эч ким жок. Иштегиле Айфон керек болуп жатса тытынып.
+3
Gulina00
2021-10-31 18:20:24
Доо урууларго алты санынар аман иштеп тапкыла,жаштыгынарды камакта откорбой.
+2
Tariel_tt
2021-11-01 19:02:20
Ууру эмес Каракчылар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан