ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 12-ноябрдагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев өкмөттүн кадрдык дайындоолордогу кемчиликтерин айтты. Ал билдиргендей, маданий мекемелерге туура келбеген жетекчилерди дайындоо өкмөт үчүн кадимки көрүнүшкө айланды.
“Мындай көрүнүш бир гана театрларда эмес, жогорку окуу жайларда да болууда. Жадыбалды билбеген адамдар ректор болуп дайындалып жатышат. Эгер кадрдык маселелерди чечпесе, артисттерибизди коргой албаса, анда бизге Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эмне кереги бар? Эгер артисттерибиздин гастролго чыгууга шарты жок болсо, анда кантип театр тармагын өнүктүрүү жөнүндө сөз кылабыз?”,- деди Осмоналиев.
Айта кетсек, жыйында СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын опера жана балет театрынан бошотулушу боюнча маселе каралды. Жыйынтыгында бул ишти териштирип чыгуу, иштен мыйзамсыз бошотулса, театрдын жетекчилигине чара көрүү чечими кабыл алынды.