Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабад-Түркмөнабад унаа жолунун ачылышында өлкөдө жасалган жаңы үлгүдөгү оор жүк ташуучу унааны жеке өзү айдап, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 603 чакырымга созулган Ашхабад-Түркмөнабад унаа жолунун Ашхабад-Теджен бөлүгүнүн курулушу аяктап, ага өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов катышкан. Президент унаа менен жолдогу алгачкы кыймылды жасап, андан соң жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар жаңы жол менен каттай баштаган.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө башчы оор жүк ташуучу унааларды иштеп чыгарган "КамАЗ" компаниясынын өкүлдөрү менен да жолугушуу өткөргөн. Компаниянын өкүлү оор жүк ташуучу унаалардын жаңы үлгүсү жасалып чыкканын белгилеп, анын бирин президентке белек кылган. Ошондой эле унааны жаңы курулган жолдо айдап көрүп, сыноодон өткөрүүсүн суранышкан.
Өлкө башчы автоунааны жеке өзү айдап көрүп, сезимдери менен бөлүшкөн.
"Автоунааны айдап көргөн соң менде абдан жакшы сезимдер калды. Ал башкарууга абдан ыңгайлуу жана экономикалык, коопсуздук, экологиялык талаптарга толугу менен жооп берет экен. Мен эч кандай кемчилигин байкаган жокмун", - деп билдирген президент.