Интернет желесине кыргыз элинин каймактарынын, залкарларынын жаңыртылган варианттагы сүрөттөрүн жарыялап жаткан Жуса Касиетовду кепке тарттык. Ал SUPER.KG порталына бул жаңыртылган сүрөттөр тууралуу айтып берди.
"Залкарлардын эски сүрөттөрдүн жаңыртып чыгарып жатканымдын себеби азыр залкарларды өспүрүмдөр эмес, чоң кишилер да тааныбай жатат.
Азыркы тапта чыгармачыл чөйрөдө залкарларды эстеген эч ким жок. Баары эле өз китептерин чыгаруу үчүн жан талашат. Кыргыздын каймактарынын элеси өчүп бара жатат.
Жөнөкөй элди айтпай эле коёюн, аттуу-баштуу жазуучулар да айрым залкарлардын сүрөттөрүн алмаштырганына күбө болдум. Окуу куралдарына чейин туура эмес сүрөттөр берилүүдө. Мисалы, 5-класстын тарых китебинде Базаркул Данияровдун сүрөтү турат, ага Белек Солтоноев деп жазып коюшкан. Сатыбалды Нааматовдун сүрөтүнүн алдына Сыдык Карачев деп жазып коюшкан. Бул залкарлардын сүрөттөрү интернетте жок. Аларды табыш кыйын. Мамлекеттик архивге кирип сүрөттөрдү алуу кыйын.
Мен кыргыз залкарлары тууралуу китеп жазууну көздөп, көптөн бери материал чогултуп жүрөм. Ошо сүрөттөрдү карындашым экөөбүз атайын программага салып иштеп жатабыз. Мен бул сүрөттөрдү коомчулук пайдаланышын каалайм.
Андан сырткары аң-сезимибиз ойгонуп, улуттук баалуулуктарды барктап калабызбы деп үмүттөнөм. Сүрөттөрдү социалдык тармактарга чыгарсам түрдүү пикирлер айтылып жатат. Айрымдары алкыш сөзүн айтышса, кээ бири ал адамдарды билбей туруп, кесир сүйлөп терс комментарии жазышууда.
Башка залкарлардын сүрөттөрүн дагы жаңырта берем", - дейт ал.