Президенттер. Кичинекей кезинде дүкөнгө кирүүгө да укугу жок болчу. Индиянын президенти тууралуу кызыктар

Индия калкынын саны боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи мамлекет. Өлкөдө 1 миллиард 381 миллион 800 миңге жакын адам жашайт. Башкача айтканда, дүйнөдөгү жалпы адам санынын 17 пайызы бул өлкөгө туура келет.

Аталган мамлекет калкынын көптүгү менен эле эмес, башка дагы кызыктары менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Атап айтсак, эски доорлордо калыптанып калган жана бүгүнкү күндө да карапайым калк арасында уланып келе жаткан касталык түзүлүштөгү жашоо образы, адаттан тыш диний ырым-жырымдары, салт-санаалары менен дале болсо чет элдиктердин көңүл борборунда.

Анткен менен Индия айрым тармактар боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарды камсыздап турган мамлекеттердин бири. Маселен, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жаатында дүйнөдө 2-орунда турат. Ошондой эле өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күчтүүлүгү боюнча АКШ, Орусия жана Кытайдан кийинки эле 4-орунда жайгашкан.

Президенттер рубрикабыздын кезектеги санында Индиянын учурдагы өлкө башчысы Рам Натх Ковинд тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Рам Натх Ковинд Индиянын учурдагы өлкө башчысы

Эң төмөнкү кастадагы үй-бүлөдө туулган

Рам Натх Ковинд 1945-жылы 1-октябрда Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Параунх кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы айылдагы фермалардын биринде кызматкер болгон. Ал эми апасы үй жумуштары менен гана алектенчү. Ал убакта Индияда адамдарды ар кандай катмарларга бөлгөн касталык түзүлүштөгү жашоо образы ачык өкүм сүрүп турган маал болгон. Тактап айтканда, адамдар бири-бирине таптакыр аралашпаган жана күнүмдүк жашоодогу мүмкүнчүлүктөрү жагынан кескин айырмаланган 4 кастага бөлүнүп жашашкан. Касталардын эң жогорку тепкичинде брахмандар (дин кызматкерлери), андан кийин кшатриялар (аскер кызматкерлери жана ак сөөктөр), андан соң вайшьялар (дыйкандар, кол өнөрчүлөр жана соодагерлер) жана эң төмөнкү тепкичте шудралар же кол тийбестер (эч нерсеси жок кедей-кембагалдар) жайгашкан. Рам Натх Ковинддин үй-бүлөсү дал ошол эң төмөнкү тепкичтеги "кол тийбестер" кастасына кирген.

Адам катары саналбаган "кол тийбестер" кастасы

Рам Натх Ковинд төрөлгөн "кол тийбестер" кастасы мурунку замандарда Индиядагы жергиликтүү кулдардан түзүлгөн. Бул катмарга бир дагы мүлккө ээ болбогон кедей-кембагалдар кирген. "Кол тийбестер" кастасына таандык адамдар күнүмдүк жашоодо аз гана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушкан. Маселен, алар сыйынуу жайларына, эс алуучу жайларга, дүкөндөргө таптакыр киргизилген эмес. Колунан келип турса да чоңураак жумуштарга иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок болгон. Алар таштандыларды чогултуу, мал короолорду тазалоо сыяктуу кир жумуштарда же болбосо кара күч керектелген ар кандай оор жумуштарда гана иштей алышкан.

Мындай шарттагы жашоону эске алганда "кол тийбестер" кастасындагы бир адам үчүн келечекте бир өлкөнүн президенти болуу үч уктаса түшүнө кирбеген нерсе болгон.

XX кылымда гана "кол тийбестер" кастасына киргендердин укугун коргоо боюнча түрдүү иш-аракеттер жүргүзүлө баштаган. Индия бийлиги 1950-жылы бардык касталар бирдей укуктарга ээ экендигин, анын ичинде "кол тийбестер" да башкалар сыяктуу юридикалык жактан корголгондугун жар салган.

8 чакырымды жөө басып окуган

Рам Натх Ковинд жашаган аймакта таптакыр мектеп жок болгондуктан, башталгыч классты окуу үчүн 8 чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке барууга аргасыз болгон. "Балдарды мектепке ташуучу транспорт мындай турсун, бүтүндөй кыштак боюнча бир велосипед табуу мүмкүн эмес болчу" деп эскерген кийин ал. Ошондуктан башка балдар сыяктуу эле ар күнү 8 чакырым жолду жөө басып билим алган.

Юридикалык факультетти аяктаган

Орто мектепти аяктагандан кийин Канпур шаарындагы колледжге өтүп, ал жерде юрист жана адвокат адистигинде окуган.

"Кол тийбестердин" укугун коргоого болгон күчүн үрөп...

Рам Натх Ковинд колледжди бүтүргөн соң мамлекеттик жумуштарда иштөө үчүн Дели шаарына сапар алган. Бирок өзү төрөлгөн "кол тийбестер" кастасы кедергисин тийгизип, 3 жолу сынак тапшырса да каалаган кызматка алынган эмес. Жашоосунда касталык түзүлүштүн запкысын көп көргөн Рам Натх Ковинд кийин касталарга бөлүнгөн жашоонун калдыктарын жок кылууга болгон аракетин жумшаган.

Маселен, 2000-жылдары Рам Натх Ковинддин тынымсыз иш-аракеттеринин натыйжасында, өлкө мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, "кол тийбестер" кастасынын өкүлдөрүнө бийликтен атайын орун бөлүнгөн.

Ошондой эле жактоочу болуп иштеп жүргөндө укугу корголбогон төмөнкү социалдык катмардагы адамдарга бекер юридикалык жардамдарды көрсөтүү, бул жаатта ар кандай окутууларды өткөрүү сыяктуу алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырган.

16 жыл бою жактоочу болуп иштеген

Рам Натх Ковинд саясатка келгенге чейин 16 жыл бою жактоочу болуп эмгектенген. Ал 1971-жылы Дели шаарындагы Жактоочулар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынган. Андан соң аталган шаардын Жогорку Сотунда иштеп баштаган. Сот тармагында эмгектенип жүрүп, премьер-министр Морарджи Десаинин жеке кеңешчиси кызматына чейин жеткен.

Рам Натх Ковинддин саясаттагы жолу 1991-жылы башталган. Бул жылы ал партиянын курамына кабыл алынып, ар түрдүү саясий иштерди алып бара баштаган. 1994-жылы Индия парламентинин жогорку палатасында өзү туулган Уттар-Прадеш штатынын атынан "Штаттар кеңешине" мүчө болот. Бул кызматта ал 2006-жылга чейин иштеген. Кийин 2015-жылы Бихар штатын жетектеген.

"Кол тийбестер" кастасынан чыккан экинчи президент

2017-жылы өлкөдөгү президенттик шайлоодо "Бхаратия жаната" партиясынын атынан президенттикке талапкерлигин койгон. Анда ал жалпы шайлоочулардын 65,65 пайыз добушуна ээ болуп, тарыхтагы "кол тийбестер" кастасынан чыккан экинчи өлкө башчысы болуп шайланган. Ага чейин 1997-2002-жылдар аралыгында өлкөнү башкарган Кочерил Раман Нараянан жогорудагы кастадан чыккан алгачкы президент болгон.

Ошентип 2017-жылдын 25-июлунан бери Индия өлкөсүнүн президенттик кызматын аркалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2021-10-31 19:05:24
Чал болуп калыптыр.
-2
Gold81
2021-10-31 21:42:08
KG-312,Чал болсода максатына жетиптир.
+7
ayzhan12
2021-11-01 18:51:38
Бизде түрмөдөн баштап, президентке чейин жетти.
-1
Danysh1
2021-11-02 09:19:38
ayzhan12,ириген ооздон чириген сөз чыгат дегендей сенин жакшыыыы жазган коментини ээээч окуй элекминда
0
Danysh1
2021-11-02 09:20:41
Чачын жайып деп койбойсуңбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан