"Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналдунун жубайы Жоржина Родригес экөөнүн сүрөтү спортчулардын Instagram баракчасына "жакты" белгисин топтоо боюнча жаңы рекорд койду.
Криштиану Роналду билдирүүгө жакында эгиз уулдуу болорун жазган. Футболчунун бул билдирүүсү учурда 30 миллиондон ашык "жакты" белгисин алды. Муну менен Роналду буга чейин эң көп "жакты" белгисинин саны боюнча Лионель Мессиге таандык болгон рекордду жаңылады.
Лионель Мессинин "ПСЖ" клубуна өтүп, "Парк де Пренс" стадионунда үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтү 22 миллиондон ашык "жакты" белгисин алып рекорд койгон.
Белгилей кетсек, Криштиану Роналдунун Инстаграм баракчасында 361 миллион катталуучусу болсо, Лионель Мессинин 278 миллион катталуучусу бар.