Биз социалдык тармакта

Дээрлик бир кылымды басып өттү. Кыргыз милициясынын сиз көрө элек сүрөттөр топтому

Бүгүн, 1-ноябрь - Милиция кызматкерлеринин күнү. Кара кыргыз автономиялык облусунун ревкому Аткаруу комитети менен административдик бөлүмдөрдү ачуу туурасындагы чечим чыгарып, анын натыйжасында облуста материалдык бөлүм иштей баштаган. Материалдык бөлүмдө жалпы милиция, кылмышты тергөө жана түрмө бөлүктөрү орун алып, милициянын укук коргоо багытындагы иши 1924-жылдын 1-ноябрынан тарта башталгандыктан, бул дата кыргыз милициясынын уюшулган күнү катары кабыл алынган.

Кыргыз милициясынын 97 жылдыгына карата ички иштер министри Улан Ниязбековдун куттуктоосу.

"Урматтуу кесиптештер! Кадырман ардагерлер! Сиздерди 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Урматтуу кесиптештер сиздер элдин тынчтыгын жана коопсуздугун коргоодо дайыма алдыӊкы катарда туруп, ыкчам иштейсиздер. Кыйын кырдаалга туш болгон ар бир атуулдун кайрылуусуна сергек мамиле жасап, аларга жардам бересиздер. Жогоруда айткандай, кыргыз эли сиздерге ишенет жана ар дайым колдойт.

Ички иштер органдырынын кызматкерлери мындан ары да өлкөдө бекем коопсуздукту, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоо тапшырмаларын так аткарууга, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртууга бүт күч-аракетин жумшоого тийиш.

Ардактуу кесиптештер! Сиздерди дагы бир жолу 97 жылдык маараке майрамыңыздар менен куттуктап, бардыгыңыздарга ишиңиздерде ийгилик, турмушта бакыт, жашоодо бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөрдө ырыс-ынтымак жана ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн. Мезгилдин ар кыл кыйынчылыктарына карабай тагылган милдеттерин татыктуу өтөп жаткан Кыргыз милициясынын эр жүрөк кызматкерлердин, элибизге эмгеги сиӊген аксакал ардагерлерибиздин үй-бүлөсүнө ырыс-ынтымак, бакыт-таалай, бекем ден соолук каалап, кесиптик майрамыӊыздар менен чын ниеттен куттуктаймын", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sarbo
2021-11-01 13:31:03
учунчу суротту коргон элем мурда :)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан