SUPER.KG порталына жана порталдын YouTube-каналына "Эркекче!" долбоорунун кезектеги чыгарылышы жарыяланды. Бул ирет мектеп психологу, социолог, дин таануучу, блогер жана ток-шоунун башка катышуучулары "Мектептерге сексуалдык билим берүүнү киргизүү зарылбы?" деген суроонун үстүндө талкуу жүргүзүштү.
Социолог Нура Садырбекова менен психолог Тынчтык Бакытов мектептерге сексуалдык билим берүү кирсе бул - аларды төшөк маселесине үйрөтүү эмес деп белгилешти.
"Анда балдар дааратканага туура баруудан баштап, өз денеси, кайсы органы эмнеге жооп бере тургандыгын да үйрөнөт. Ошол эле учурда балдар алардын денесине алардын уруксаты жок эч ким тийгенге болбой турганын үйрөнүшмөк. Бул секелек кыздардын зордукталып, аны эч кимге айта албай жашырып жүрүшүнүн алдын алмак", - деди социолог.
Дин таануучу Тилеккабыл Адыл уулу мектептерге мындай сабактарды киргизүүдөн мурун кылдат ойлонуп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
"Атын да өзгөртүү керек. Балким, адеп сабагы деп киргизебиз. Бирок ошондо дагы сабактын өтүлүш форматын ойлонуп чыгуу зарыл. Анткени бул биздин менталитетке туура келбей калышы мүмкүн. Биздин менталитетке ылайыкташтырып иштеп чыгып киргизсе, балким, болот", - дейт Адыл уулу.
Талкууну толугу менен видеодон көрүңүз.