Илон Маск дүйнөнү ачарчылыктан сактап калуу үчүн бир күндүк кирешесин коротсо жетиштүү. Ал буга даяр экенин билдирген

Америкалык миллиардер Илон Маск адамзатты ачарчылыктан куткаруу үчүн акчасынын бир бөлүгүн жумшоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизлинин суранычына жооп берген. Анын айтымында, ачарчылык коркунучу жана анын адамзат үчүн кесепеттери менен күрөшүү үчүн 6 миллиард доллар жетиштүү болот. Ошол эле учурда Бизли Маск ушунча сумманы бир күндө эле таап коёрун эске салган.

"Эгер Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы 6 миллиард доллар дүйнөлүк ачарчылык көйгөйүн кантип чече аларын түшүндүрө алса, мен Тесла компаниясынын акцияларын азыр сатып жана аны чечүүгө жумшоого даярмын. Бирок каржылык отчёттор ачык болушу керек, ошондо коомчулук акчанын кандай жумшалып жатканын так көрө алат", - деп жазган Маск твиттердеги баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан