Абдывахап Нурбаев: “Альянс” партиясы билим берүү жана агартуу тармагы боюнча ишти күчөтөт

"Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдывахап Нурбаев биринчи кезекте билим берүү тармагын жолго салуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Ош шаарынын тургундары менен жолукканда билдирди.

Нурбаевдин пикиринде, компьютердик программалоо жана англис тили сабактары замандын талабы. Алар мектептерде кенже класстардан тартып окутулушу керек.

“Альянс” партиясы билим берүү жана агартуу тармагы боюнча ишти күчөтөт. Биз “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Ага ылайык, ар бир жаран мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда милдеттүү жана акысыз түрдө баштапкы, негизги жалпы жана орто жалпы билим ала алат. Жалпы негизги билим алган адамдар орто билим берүү программалары боюнча окууну улантууну каалабаган учурда, башталгыч кесиптик же орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга милдеттүү. Билим берүү тармагына ваучердик системаны киргизүү зарыл. Ошондой эле мугалимдердин макамын көтөрүп, айлык акысын да көбөйтүү керек”, - деди талапкер.

Бир айлык үгүт иштеринин алкагында “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Фарход Алимжанов, Азамат Исираилов, Азамат Ажимаматов Ош шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатышат. Алар шаар тургундарына партиянын программасын тааныштырып, элдин турмушу менен жакындан таанышууда.

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-ноябрь, 2021-жыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан