Ырчы Кызсайкал Кабылова 31-октябрда 23 жашка толуп, туулган күнүн шаардагы кафелердин биринде белгиледи. Кечеге ырчынын жакындары, ата-энеси жана чыгармачылыктагы достору келишти. Алгач Кызсайкал Кабылованы ырчы Калыс Жакыпов алып кирип, андан соң ырчынын ата-энеси кызын куттуктап, Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылышты.
"Айфон 13 үлгүсүндөгү телефон алып беребиз дегенде мен жок дегем. Себеби ошол акчага үйгө бир нерсе кылалы деп айткам. Бирок мен үчүн бул күтүүсүз белек болду, мен жок дегенде духи болуш керек деп ойлогом, көрсө андай эмес экен. Ар бир бала ата-энесин ыраазы кылыш керек да мен дагы өмүрүмдүн аягына чейин ата-энемди ыраазы кылганга болгон аракетимди жасайм. Мага ушундай өмүрдү берген эки адамга тең ыраазымын", - дейт Кызсайкал Кабылова.