Биз социалдык тармакта

Кара-Балтада кичи автобустун айдоочулары иш ташташты

Кара-Балта шаарында кичи автобустун айдоочулары жол кире акысын көтөрүү талабы менен иш ташташты. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясынын маалымат кызматына байланышканыбызда тастыкташты.

"Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын алдына айдоочулар нааразычылык акциясына чыгышты. Алар маршруттук линияларга токтоп, жол кире тарифин 13 сомдон 15 сомго көтөрүү талабы менен чыгышкан.

Шаардык кеңештин чечимине ылайык, 1-3-класстын окуучулары 7 сом, 11-класска чейин окуучулар 10дон төлөшөт. Бизде жүргүнчүлөрдүн 70-80 пайызын окуучулар жана пенсионерлер түзөт. Ошондуктан кайрадан жол кире тарифин карап берүү үчүн айдоочулар митингге чыгып жатышат", - деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалап өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-312
2021-11-01 13:01:48
Кимисине күйөсүң? Бир бетиң өпсөм бир бетиң калат!
+2
Kushu_0703
2021-11-01 13:02:56
Тойгоздунарго жетимдер
0
bazar
2021-11-01 13:35:55
Талабы туру эле алардын. Бишкектеги баа ал жакта да болушу керек
+1
nerrazuri
2021-11-01 16:40:09
bazar,2 сомго иш таштабай 30 сом кыл дебейт беле.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан