АКШда Хэллоуин майрамында бир катар массалык ок ​​атуулар болду

АКШда Хэллоуин майрамынын урматына уюштурулган кечелер учурунда алты массалык атуу болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 29-октябрдын кечинен 31-октябрдын таңына чейин Техас менен Калифорнияда экиден, Иллинойс менен Нью-Мексикодо бирден ок атуу катталган. Натыйжада кеминде алты адам каза болуп, дагы 33ү жарадар болгон. Эксперттер азыркы кырдаалды АКШда адам өлтүрүүлөрдүн болуп көрбөгөндөй өсүшү деп атаган.

Белгилей кетсек, Хэллоуин - Ирландия жана Шотландия өлкөлөрүндөгү байыркы уруулардын салттарына байланышкан заманбап майрам. Жыл сайын 31-октябрда белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-01 14:05:00
Чыныгы террористтердин жүзү ачылтат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан