
Бишкек шаарынын айрым аймагында 2-ноябрдан 5-ноябрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ болбойт:
- Фучик, Ленская жана Сергей Лазо көчөлөрү менен чектелген аймакта 20 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат.
- Ленская көчөсү, 50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт.