Спектакль менен башталып. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине арналган майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 1-ноябрь күнү Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык салтанатына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Майрам ээлерин кесиптик күнү менен куттуктоого президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, облустук укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, фискалдык кызматтарынын жетекчилери жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү келишти.

Майрамдык иш-чара милиция кызматкеринин күнүмдүк турмушун чагылдырган чакан спектакль менен башталды. 15 мүнөттүк театрлаштырылган көрсөтүүдө, баш каармандын кызыктуу, ошол эле учурда татаал жагдайга туш болгон окуясы баяндалат.

Кезектеги кылмыш бетин ачкан милиция кызматкери, кылмыштан жабыркаган аялдын алкышын албастан кылмышкердин энесинин каргышын да өзүнүн дарегине угат. Андан тышкары көрүүчүлөр театрлаштырылган көрсөтүүнүн каармандары: милиция кызматкеринин жана кылмышкердин ички дүйнөсүн, алардын ар биринин турмушка болгон өздөрүнүн философиясын, кылмыштуулукка болгон көз карашын сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Театрлаштырылган көрсөтүүдөн кийин салтанаттык иш-чара уланып, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Канат Жумагазиев кесиптештерин кызуу куттуктап, коомдун өнүгүшүнө бут тосуп, кедергесин тийгизип турган кесепеттерге тынымсыз иш жүргүзүп, күн жана түн дегенди билбей табигаттын татаал мезгилиндеринде да элдин коопсуздугун коргоп жүргөн милиция кызматкерлеринин түйшүгү көп эмгегинде эл менен эриш-аркак иш алып барып, албан ийгиликтерди жаратууга тилектештигин билдирип кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alym21
2021-11-01 14:11:34
Майрамынар менен,урматтуу милиция кызматкерлери.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан