Кызыл китепке кирген маралды атып, сойгондор кармалды

Кечээ, 31-октябрь күнү Сары-Челек биосфералык аймагынын кызматкерлери Туура-Арык тилкесинде мыйзамсыз атылган Маралды союп жаткан топту табышкан. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болгон. Жеке тинтүү жана аймакты кароодо ок атуучу курал табылган эмес. Материалдык далил катары малдын териси, башы жана өлүгү алынган. Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Маалымат үчүн: Марал Кыргыз өлкөсүндө саны аз, Кызыл китепке кирген жаныбар. Маралды мыйзамсыз атуу үчүн айып 1 миллион сомду түзөт, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talas0707
2021-11-01 15:12:52
Эн туура 2 млн толотуп, дагы камап салгыла
+5
Eden-Hazard
2021-11-01 15:24:35
Камагыла, айтканга конбойбу
+4
KG-312
2021-11-01 15:25:47
Эки миллионду мойнуна салып, камап салгыла ахмактарды.
+3
Karakoz90
2021-11-01 16:20:15
Камап эмне кыласынар зектин санын кобойтуп, мыйзамга ылайык 1 млн сом казынага токтургуло болду анан. Бирок, казынага тогулуш керек сол чонтокко эмес.
0
IOA
2021-11-01 19:20:02
Мыкаачыларды катуураак жазалаш керек кийинкилерге сабак болсун
0
ayzhan12
2021-11-01 19:29:04
Ушуну атпай эле бир уй союп согум кылып алышпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан