Жалал-Абад облусунун Сузак районунда КамАЗ унаасы жолдо бара жаткан кызды басып калды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-октябрь күнү саат 17:40 чамасында Сузак районунда КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдун оң тарабына оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 15 жаштагы жолдо бара жаткан кызды унаа басып калган. Кыз окуя болгон жерден каза болгон.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.