SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, "Тез жардам" кызматынын ишине наарызычылыгын билдирген.
Айтымында, 103, 112 номерине түнкү 1ден 2ге чейин тынбай чалуу аткарып, жооп ала албай коюшкан. Бул боюнча "Тез жардам" кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"103 номуруна келген чалууларды албай коюу мүмкүн эмес. Диспетчерлер күнү-түнү иштешет. Балким, бардык линиялар бош эмес болчу, анткени акыркы эки жумада 103кө чалуулар салыштырмалуу көбөйгөн.
Так маалымат алуу үчүн бизге алар чалган телефон номери керек. 103 номерине бардык чалуулар (анын ичинде абонент диспетчердин жообун күтпөстөн өчүргөн болсо да) жазылып алынат жана ар бир учурда сиз аны аныктай аласыз", - дешти мекемеден.