Бүгүн, 1-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акылбек Талантбеков алгачкы жүрүшүндө түркиялык Эркан Эрге аттуу балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүктө түркиялык балбан активдүү күрөш көрсөткөндүгү үчүн кыргыз балбанын партерге коюп, андан атаандаш 4 упай алды. Экинчи бөлүк башталганда эле түркиялык балбан Акылбек Талантбековдун артына өтүп, дагы 2 упай алды. Өз кезегинде, кыргыз балбаны атаандашты көтөрүп чаап, 4 упай алды.
Жыйынтыгында эсеп 7:5 болуп, кыргыз балбаны жеңилүү ызасын тартып калды.
Акылбек Талантбековдун Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү түркиялык балбандан көз каранды болот.