Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кыз ала качууга шектелип кармалган төрт бала үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда Ысык-Ата райондук соту шектүүлөрдү тосмо арыздын негизинде үй камагына чыгарган.
Анда жабырлануучу кыз жана анын апасы тосмо арыз жазып берген.
Ушул жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамаларында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болгон. Анда Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр ала качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кызды Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып барышкандыгы такталган. Кызды ала качууга шектелип 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу балдар кармалышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин бала кыздын макулдугу жок эле ала качып кеткени маалым болгон.