Жалал-Абад облусунун аймагында 3 күн ичинде жол эрежесин бузган 516 факты аныкталды. Анын ичинен 29 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүргөн дешет облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн.
Маалыматка караганда, 29-октябрдан 31-октябрга чейин жүргүзүлгөн рейдде жалпы 516 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.
"Анын ичинен 29 айдоочу автоунааларын мас абалында, 155 айдоочу жогорку ылдамдыкта, 14 айдоочу жанында тиешелүү документтери жок үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 318 айдоочуга протоколдор түзүлдү. Жалпы 43 автоунаа атайын айып короого токтотулду", - деп белгиленет билдирүүдө.
Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жол эрежелерин так сактап жүрүүнү эскертишет.