Биз социалдык тармакта

"Бишкек-Сити" эл аралык бизнес борбору курулат. Дирекция кандай функцияларды аткарат?

Бишкек шаарынын, социалдык-экономикалык кырдаалын жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана инфраструктуранын өнүктүрүү максатында "Бишкек-Сити" эл аралык бизнес борборун курулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттик администрациянын маалымат кызматынан белгилешкендей, дирекцияга төмөнкү функциялар жүктөлөт:

- ишкердик борбордун долбоорун ишке ашыруу боюнча:

- ишкердик борбордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо жана куруу боюнча буюртма берүүчү.

Өлкө башчы тарабынан демилгеленген дирекция жаңы экономикалык саясатка толугу менен шайкеш келет, анда атаандаштыкка жөндөмдүү санариптик экономиканы түзүүнү, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инновациялык жана энергетикалык технологияларды үнөмдөө, аймактарды туруктуу өнүктүрүү каралган.

Ишкердик борбор Кыргыз мамлекетинин жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбор Азиядагы ири бизнес, маданий жана архитектуралык борборго айланууга багытталган.

Ишкердик борбор инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулукту топтоонун аянтчасы болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mariolan
2021-11-01 23:05:49
Асман шаарын куруп бүтүп Бишкек Сити башталды, аны куруп бүтсө Баткендеги ураган үйлөрдү куруу башталат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан