Актёр, тамашоучу, вайнер жана алып баруучу Самат Эркинбеков баласынын тушоосун кесип, той өткөрүүдө. Салтанат борборубуздагы тойканалардын биринде өтүп, Самат мырза менен жубайынын жакшылыгына жакындары, достору, санаалаштары ортоктош болушууда. Кыргыздын салты менен Имандын тушоосу кесилди. Андан кийин Чолпон Талипбек "Тай-тай" ыры менен той ээлерин залга алып кирди.
"Уулубуздун тоюн жакшы баштап алдык. Баскан кадамың байсалдуу болсун!", - деп жазат Самат Эркинбеков.