Глазгодогу саммит. Активисттердин баш аламандык уюштуруу аракетинен полиция шаарды курчоого алганы кабарланды

Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан "Климаттын өзгөрүшү" боюнча саммитте козголоңчулар тарабынан баш аламандык орун алышы күтүлүүдө. Учурда полиция саммит өтүп жаткан аймакты тегерете курчоого ала баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин дүйнөнүн ар тарабынан Глазго шаарына миңдеген активисттер сапар алганы кабарланган. Жекшемби күнү эко-активисттер Шотландиянын борбору Эдинбург шаарынын көчөлөрүндө нааразычылык акцияларын баштаганы да айтылып жаткан. Ошондой эле алар мындай акцияларга элдин көңүлүн буруу үчүн террорчулар колдонгон тиркемелерди да колдонуп жатканы маалымдалган.

Активисттердин негизги максаты - саммитке чогулган илимпоздорго климатты коргоо тууралуу ойлорун жеткирүү экендигин белгилешкен.

"Биз ушул аптада Глазгого багыт алабыз. Биздин максат ал жакта полиция тарабынан кармалуу. Анткени биз саммитке чогулган илимпоздорго өз идеяларыбызды жеткирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонуп көрдүк. Бирок ишке ашпады", - деп билдирген активисттердин бири.

Белгилүү болгондой, көптөгөн активисттер виза көйгөйү жана пандемия учурундагы чектөөлөрдөн улам саммитке катыша алышкан эмес.

Глазго полициясы алдыдагы аптада шаарда бир канча нааразычылык акциялары жана митингдер өтүшү мүмкүн экендигин айтышууда. Ошондой эле күнүнө кеминде 300дөй адам кармалышы мүмкүн экендиги божомолдонууда.

Алар шаардагы коопсуздуктун алдын алуу үчүн атайын даярдалган кызматкерлерди ишке тартканын кошумчалашты. Маалыматтарга караганда, учурда 10 миңге жакын полиция кызматкери тынчтыкты көзөмөлдөп турат.

Белгилей кетсек, бул күндөрү Глазго шаарында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган саммит өтүүдө. Ага дүйнөдөгү мамлекет башчылары, бийлик өкүлдөрү, окумуштуулар, эксперттер жана журналисттер баштаган жалпы 25 миңге жакын адам катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан