Америкалык "Netflix" компаниясы эски аскердик базаны сатып алып, жаңы тасмаларды жана сериалдарды тартуучу аянтчага айлантууга даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Нью-Жерси штатында жайгашкан "Форт Монмаут" аскердик базасы 2011-жылы АКШ бийлиги тарабынан расмий түрдө жабылган. Аскердик базанын жалпы аянты 117 гектарды түзөт.
"Netflix" аталган базаны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, келечектеги тасмаларын тартуу үчүн чоң аянтка айлантуу ниетин билдирген. Бирок азырынча аскердик база үчүн канча каражат төлөй турганы белгилүү боло элек.
Буга чейин компания Нью-Мексико штатына тасма тартылуучу "ABQ Studios" аталышындагы чоң борбор курган.
Белгилей кетсек, "Netflix" компаниясы жакында эле түштүк кореялык режиссёр Хван Дон Хёк менен бирге "Кальмар оюндары" сериалын тартып, дүйнөдө болуп көрбөгөндөй атактуулукка жетти. 21 миллион долларга тартылган тасма 3 аптанын ичинде компанияга 900 миллион долларга жакын киреше алып келгени кабарланган.