Актёр, тамашоучу, вайнер жана алып баруучу Самат Эркинбеков менен жубайы Чолпонай кош той өткөрүштү. Тагыраагы, түгөйлөр уулу Имандын бир жашын утурлай тушоосун кесип, бата алып, там той да өткөрүштү.
Борбордогу тойканалардын биринде орун алган жакшылыкка эки жаштын туугандары, жоро-жолдоштору, санаалаштары, кесиптештери, шоу-бизнестин өкүлдөрү конок болушту. Тойду ойдогудай өткөрүп алганын айткан Самат мырза буларга токтолду.
"Той жакшы болду. Башкы максатыбыз балабызга элдин батасын алуу болчу. Экинчиси, ысырапчылыкка каршы. Салтанаттын өзгөчөлүгү тоюбуз адал болду, жылкы союлган жок. Башында чоочулап жатканбыз, бирок аягында конокторубуз ыраазы болуп кетишти. Тескерисинче ысырап кылбай туура жасадыңар деп колдогондор болду. Муну менен бизден кийинки муунга ысырап кылбай эле коёлу деген ойду жеткиргим келди", - дейт ал.
Самат Эркинбеков менен Чолпонай 2020-жылы 29-октябрда уулдуу болушкан.