Бишкекте кара куурай жана ок атуучу курал алып жүргөнгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз даярдоого жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды алып жүргөнгө шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 06:30 чамасында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган А.А. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Хондай Соната унаасын жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер айдоочунун керектүү документтерин текшерүү учурунда анын унаасынын багажынан белгисиз ок атуучу курал жана ширенкенин кутучасына салынып турган болжол менен 6 грамм кара куурай табылган.

Шектүү жаран Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан