Дүйнөдө коронавирус илдетинен көз жумгандардын жалпы саны 5 миллиондон ашты. Бул тууралуу америкалык университеттин изилдөөсүнө шилтеме берип чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жалпысынан учурда дүйнөдө 246 миллиондон ашык адам COVID-19 вирусун жуктуруп алган. 1-ноябрдагы маалыматы боюнча, оорудан каза болгондордун саны 5 миллион 425 миңге жеткен.
"АКШ инфекциянын татаалдашынан каза болгондордун жана өлүмдөрдүн саны боюнча биринчи орунда калууда. Өлкөдө коронавирустун кесепеттеринен 745 миңден ашуун жаран каза болду. Рейтингде экинчи орунду Улуу Британия ээлейт, анда COVID-19 пандемиясынын курмандыктарынын саны 141 миңге жетип, тогуз миллион калктан вирус аныкталган", - деп жазылат маалыматта.