Владимир Путин Европада газдын баасын бир эле сөз менен арзандатып койду

Орусиянын президенти Владимир Путин Европадагы газдын баасынын төмөндөшүнө бир эле сөз менен таасир эте алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Мен сиздерден суранам. Орусиянын жер астындагы газ сактоочу жайларына газ сордуруп бүтүргөндөн кийин Европага газдын көлөмүн көбөйтүү боюнча бир калыпта жана пландуу иштерди баштаңыз", - деген Путин "Газпромдун" башчысы Алексей Миллерге.

Владимир Путиндин бул сөзүнөн кийин Европанын бир нече өлкөлөрүндө газдын баасынын арзандаганы байкалган, анын ичинде Нидерландыда газдын баасы 15 пайызга төмөндөгөн.

Акыркы айларда Европада газдын баасы кескин өскөн. Августтун башында Европада газдын болжолдуу баасы миң куб метрине 515 долларды түзсө, сентябрдын аягында эки эсеге өскөн. Газдын баасы 6-октябрда болуп көрбөгөндөй 1 миң 937 долларга жеткенден кийин төмөндөй баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан