Казакстандын Актау шаарында полиция өз жанын кыюуга аракет кылган 46 жаштагы аялды куткарып калды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
"Тартип сакчылары дароо көрсөтүлгөн дарекке жөнөштү. Капитан Болат Ибрагим, кызматтык инспекторлор Бауыржан Сарсенбаев менен Адил Изанов окуя катталган жерге барып, аял менен сүйлөшкөн. Болжол менен 20-30 мүнөт бою алар аялды өз оюнан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылышкан. Ошол маалда аял анын колун коё бергенде, Ибрагим Болат дароо аялды кармап, көтөргөн. Аял бул кадамга үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу барган. Учурда анын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жок”, - деп айтылат маалыматта.