Ысык-Көлдө экстремисттик уюмдун мүчөсүнө карата жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Григорьевка айылынын 54 жаштагы тургуну М.М.га карата "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, соттун кароосуна жиберилди.
Райондук милициянын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү кызматкерлер Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынган "Йакын-Инкар" экстремисттик уюмунун мүчөсү, Григорьевка айылындагы үйүндө эч бир уруксат иш кагаздары жок намазкана ачып, ал жерде даават өткөрүп, мыйзамсыз диний адабияттарды таратып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.
Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында жарандын аты-жөнү аныкталып, Григорьевка айылынын 54 жаштагы тургуну "Йакын-Инкар" экстремисттик уюмунун мүчөсү М.М. болуп чыккан. Анын жашаган үйүндө мыйзамдуу текшерүү иштери жүргүзүлгөндө диний мүнөздөгү адабияттар табылып алынган.
Теологиялык экспертиза көрсөткөндөй, алынган адабияттар Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмуна таандык болуп чыккан.