Депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев БШК тарабынан эскертүү алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
"Октябрь шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевге мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн эскертүү берилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды", - деди ал.