Орусия 2021-жылдын эсебинен Казакстан менен Өзбекстанга аскердик продукцияларды, анын ичинде учактарды жана ракеталык системаларды жеткирген. Бул тууралуу Орусиянын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын директору Дмитрий Шугаевге шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Казакстан менен Өзбекстанга Су-30СМ самолетторун, Ми-35М тик учактарын, Бук-М2Е зениттик-ракеталык комплекстерин, БТР-80 жана БТР-82А БТРлер, брондолгон "Тайфун-К" унаалары, куралдуу унаалар жеткирилген.
Шугаевдин айтымында, Орусиянын аскердик-техникалык кызматташтыгы пандемия шартында өнүгүп жатат. "Быйыл 2022-жылдын башына белгиленген келишимдерди аткаруу үчүн белгилүү аракеттер көрүлдү. Ошентип биз тең салмактуулукту сактай алдык", - деген Шугаев.