Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Исак аянтында жайгашкан чиркөөнүн жанында денесин ачык көрсөтүп сүрөткө түшкөн блогер кыз кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жылаңач сүрөткө түшкөн 31 жаштагы Ирина Волкова экендиги белгилүү болгон. Ал сүрөткө 2020-жылдын жай айында түшкөн. Кийинчерээк кызга кылмыш иши козголуп, ал полиция тарабынан кармалган. Сотто ал күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сураган.
Ирина Волкова бул сүрөтү үчүн 300 миң рублга чейин айып пул төлөп же бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Октябрь айында дагы Москвадагы Василий Блаженский чиркөөсүнүн астынан сүйлөшкөн кызы менен адепке ылайык келбеген сүрөттөргө түшкөн тажикстандык Руслан Бобиев аттуу блогер полиция тарабынан кармалган.