Биз социалдык тармакта

Жеңиш Молдокматов жубайы менен кызынын телефону тыңшалып жатканын айтты

Жеңиш Молдокматов жубайы менен кызынын телефону тыңшалып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-ноябрда соттук отурумда билдирди.

"Менин аялымдын жана 11 жаштагы кызымдын телефону тыңшалып жатканы аныкталды. Биз атайын текшерип менин атымдан кызымдын телефонуна маалымат жөнөтүлгөн. Ошол күнү түнү менен мен отурган камерада тинтүү жүрдү. Мени президенттин коптуу оппоненти катары камашып кыйнашсын. 11 жаштагы кызымда эмне күнөө?" - деди ал.

Эске салсак, Жеңиш Молдокматов УКМК тарабынан кармалып, башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн. Азыр "атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу", "бийликти күч менен басып алуу", "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Simels
2021-11-02 13:09:28
Жаман өзүн мактайт болуп коопту боло калганго бул))
+1
Fernando_Torres
2021-11-02 13:13:01
Ким бул озу туруусуук Бир немего телефондун бары эле тыншалат запис болуп турат сага Эми жеттиби
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан